1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

176

МАМЛЕКЕТТИ ТҮПТӨГӨН АТАЛАР

15-ноябрда Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 1-курсу, Лак-1-24 тайпасы куратору менен биргеликте «Мамлекетти түптөгөн аталар» деген темада тарбиялык саат өтүштү. Тарбиялык сабакка кафедра мугалимдери жана студенттери катышышты. Тарбиялык сабакта студенттер Эгемендүү Кыргыз Республикасын түптөөгө салым кошкон аталар Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков жана башкалар жөнүндө маалымат беришип, канчалаган аталарыбыз өздөрүн курбан кылышып бизге эгемен өлкө наамын алып келишкендиги жөнүндө толук айтып беришти, тарыхта болуп өткөн репрессия курмандыктарына арнап сцена аткарышып,  Ата-Журт жөнүндө ыр ырдашты. Алган маалыматтарды чыңдоо максатында суроо берилип, чакан белектер беришти. Өз жандарын кыйып, келечек муундарыбыз жаркын жашоодо жашасын деп өзүнүн жанын эмес мамлекетинин келечегин ойлогон ата-бабаларыбызды, инсандарыбызды унутпай, эскерип туруу зарыл. Ар бир жаран патриот болуп жашап жаткан мамлекетин дагы да өнүгүүсүнө салым кошуп, бизден кийинки муунга өткөрүп берүүбүз зарыл.