1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

“Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУ)” 100 жыл

13-ноябрь күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-22 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте “ЖАМУга 100 жыл” деген темада тарбиялык иш-чара өткөрүштү. Бул тарбиялык сабакта студенттер университеттин тарыхы жана анын жетишкендиктери, ошондой эле анын багыттары жөнүндө айтып беришти.  Көрүүчүлөр университет, окутуучулар, АВН билим берүү системасы жана ЖАМУнун сайты жөнүндө пайдалуу маалыматтарды алышты. Алынган маалыматты бекемдөө максатында интерактивдүү оюндар өткөрүлдү. Иш-чаранын аягында ЖАМУнун маршын ырдашты. Студенттер  ЖАМУнун студенти экендигине сыймыктанаарын айтышты. ЖАМУ ар дайым биздин жүрөгүбүздө!