Кыргыз тили – кош канаты Кыргыздын
1-ноябрь күнү маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын Лак-1-23 тайпасынын студенттери куратору менен биргеликте “Кыргыз тили - кош канаты Кыргыздын” деген темада тарбиялык иш-чара өткөрүштү! Иш-чарада мамлекеттик тилибиздин маданияттагы ордун, сөз байлыгын жана оозеки чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн даңазалап, аларга терең баа беришти. Кыргыз тили - элибиздин руханий дүйнөсүнүн өзөгү жана сыймыгы экендигин дагы бир ирет эске салышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эне тилге арналган ырлар жаңырып, кызыктуу суроо-жооптор болуп, улуттук бийлер аткарылды. Катышуучулар кыргыз тилинин улуулугун жана күчүн даңазалоо менен анын ар бир кыргыз жараны үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгилешти.
Кыргыз тили — биздин улуттук мурасыбыз жана ата-бабалардан калган баа жеткис дөөлөтүбүз. Кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.