Лингвистика багыты боюнча квалификациялык ишти алдын ала коргоо
Филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында 531100 Лингвистика багыты «Маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы (англис тили)» профилинин бүтүрүү курсунун Лак-1-20 тайпасынын студенттеринин квалификациялык иштеринин алдын ала коргоосу болуп өттү.
Аталган иш-чарага факультеттин деканы филол.и.к., доцент Ч. А. Асылбекова, филол.и.д., профессор Б.Е.Дарбанов, кафедра башчы п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева жетектеген кафедра мүчөлөрү катышышты. Отурумдун катышуучулары ар бир ишти талкуулап, сын пикирлерин айтып практикалык сунуштарды беришти. Алдын ала коргоо жандуу диалог түрүндө өтүп, студенттер жана кафедра мүчөлөрү өз ара берилген суроолорго жооп алып, квалификациялык ишти коргоого зарыл болгон даярдык алгоритмин аныкташты.