ОКУУ ПЛАНЫНДАГЫ ТАНДОО КУРСУ БОЮНЧА ЛИНГВИСТИКА БАГЫТЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ТАЛКУУ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессордук – окутуучулук курамы жана ЛАк-1-20, ЛАк-1-21, ЛАк-1-22 жана ЛАк-1-23 тайпаларынын студенттери менен 531100 Лингвистика багытынын маданияттар аралык баарлашуунун теориясы жана практикасы (англис тили) профили боюнча түзүлгөн окуу планындагы тандоо курсу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйындын негизги максаты адистикти даярдоодо окуу планындагы тандоо курсу боюнча өтүлүп жаткан предметтердин туура тандалгандыгын жана керектигин талкулоо. Кафедра башчысы п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева жана кафедранын улуу окутуучусу М.М.Акбуюков адистик үчүн түзүлгөн окуу пландары жана андагы тандоо курсу боюнча студенттерге толук маалымат беришти. Биздин адистик үчүн билим берүүдө тандоо курсундагы предметтер туура тандалгандыгын белгиледи. Аталган жыйында ар бир тайпанын студенттери тандоо курсунда берилген предметтер боюнча ой-пикирин айтышты. Студенттер тандаган предметтер билдирүү жана жыйындын протоколунун көчүрмөсү менен окуу бөлүмүнө тапшырылды.