1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

146

НББП жана окуу планы иш берүүчүлөрдүн көзү менен

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы иш берүүчүлөр Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматынын директору Жойболотов Сыргабек Токтосунович, "Нур" котормо борборунун жетекчиси Алтынбаев Нурлан Курманбекович, "Аннур"окуу борборунун жетекчилиги Абдрасулова Жайнагүл жана аталган мекемелердин кызматкерлери менен жеринде жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун максаты 2024-2025-окуу жылына карата түзүлгөн негизги билим берүүчү программа (НББП), бүтүрүүчүнүн модели жана окуу планын талкуулоо. Жолугушуунун катышуучулары адистик боюнча түзүлгөн НББП жана жаңы окуу планы боюнча объективдүү көз карашта ой-пикирлерин айтышты. Иш берүүчү Жалал-Абад регионалдык айылдык консультативдик кызматынын директору Жойболотов С.Т. - өз сөзүндө маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы менен тыгыз мамиледе иштешип келе жатканын жана бул күнгө чейинки адистик боюнча кандай гана өзгөрүүлөр болбосун колдоп келе жаткандыгын белгилеп, студенттер практика учурунда активдүүлүгүн көрсөтүшкөндүгүн жана 4-курстун студенти Мейлибаева А. проекттин координаторунун ассистенти катары иштеп жаткандыгын айтты.