1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 часов назад

12

Котормочулук – тилдерди жана маданияттарды байлаган кесип

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-24 тайпасынын студенттери үчүн «Калпак English» борборунда жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.

«Котормочулук кесип жана анын өзгөчөлүгү» деген темадагы иш-чараны Акбуюков М.М. уюштурду.

Жолугушууда котормочулук кесиптин коомдогу орду, кесиптик чеберчилик, тилдик жана маданияттар аралык байланыштын мааниси тууралуу сөз болду. Студенттер теориялык билимдерин практикалык чөйрө менен айкалыштырып, келечектеги кесибинин өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты.