1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 часов назад

17

Жумуш ордунда окутуу: «Тексттерди которууда заманбап жаңы технологияларды колдонуу»

2026-жылдын 26-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын ЛАк-1-24 тайпасынын студенттери үчүн өндүрүштүк жана котормо практикасынын алкагында жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

Практиканын жетекчиси, кафедра башчысы Осмонова Кенжебү студенттер менен биргеликте «Прайм Спектрум» Секом окуу борборуна барып, жумуш ордунда окутуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тексттерди которууда заманбап санариптик технологияларды, котормо программаларын жана жасалма интеллект каражаттарын колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле котормонун сапатын жогорулатуу, маалыматты так берүү жана котормочунун ишин жеңилдетүү боюнча практикалык маалыматтар берилди.

Мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана келечектеги эмгек рыногуна даярдыгын жогорулатууга багытталган.