1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

8 месяцев назад

141

Маданияттар аралык баарлашуу жаңы илимий багыт катары

2024-жылдын 2-май күнү  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында илимий иштер боюнча жооптуу улуу окутуучу М.М.Акбуюков тарабынан уюштурулган “Маданияттар аралык баарлашуу жаңы илимий багыт катары” деген аталыштагы илимий практикалык семинар болуп өттү.  

Семинардын программасына ылайык ф.и.к., ЖАМУнун профессору А.О. Оморов “Тилдерди өнүктүрүүнүн жолдору, көйгөйлөрү жана келечеги”, ф.и.д., профессор М.И.Мирзахидова “Сөз түшүнүгү жана ага карата тил илиминдеги көз караштар” жана ф.и.д., профессор Б.Е.Дарбанов “Актуальные новые направления современной лингвистики” деген аталыштагы баяндамаларын жасашты. Семинарга филология факультетинин деканы, ф. и.к., доцент Ч. А. Асылбекова, кафедра башчысы п.и.к., доцент Ы.К.Жолдошбаева жана студенттер катышышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан суроолор берилип, кызыккан суроолор боюнча кеңири маалымат алышты. Семинар жогорку деңгээлде өтүп, каалоо-тилектер менен коштолду.