1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

101

Жумуш ордунда окутуу: практикалык базалар менен байланышты чыңдоо

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын профессор окутуучусу Мирзахидова Миясар Инамжановна ЛАк-1-24 тайпасынын студенттердин бир катар практикалык базаларына барып, алардын практикасынын жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын негизги максаты — студенттердин өндүрүштүк жана котормо практиканы өтөө шарттарын көзөмөлдөө, теориялык билимдеринин практикада колдонулушун баалоо жана практикалык базалар менен университеттин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин иш ордундагы милдеттери, аткарып жаткан иштери, кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсү жана практикалык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле практикалык базалардын өкүлдөрү менен пикир алмашылып, студенттерди келечектеги кесибине даярдоодо жумуш ордунда окутуунун мааниси талкууланды.

Жумуш ордунда окутуу — студенттердин теориялык билимдерин реалдуу иш шартында бекемдөөгө, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык тажрыйба топтоого багытталган маанилүү билим берүү процесси.