1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

13

«Алтын күз» аталышындагы тарбиялык иш-чара

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасына караштуу ЛКк-1-26 тайпасында «Алтын күз» аттуу тарбиялык иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге күз мезгилинин кооздугун, жаратылыштын кайталангыс өзгөчөлүктөрүн даңазалоо менен бирге, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эстетикалык табитин калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана биримдикке тарбиялоо болду.

Иш-чараны алып баруучулар жылуу маанайдагы ачылыш сөздөрү менен баштап, алтын күздүн керемет кооздугун, берекесин жана адам жашоосундагы ордун көркөм сөздөр менен чагылдырып беришти.

Программанын жүрүшүндө студенттер тарабынан күз мезгилине арналган ырлар көркөм окулуп, шаңдуу ырлар жаңырып, бийлер тартууланды. Ошондой эле катышуучулар үчүн кызыктуу оюндар, көңүлдүү конкурстар жана ар кандай чыгармачылык тапшырмалар уюштурулду. Оюндар студенттердин тапкычтыгын, шамдагайлыгын, биргелешип иштөө жөндөмүн жана активдүүлүгүн арттырды.

Майрамдык иш-чара ыр-бий, жагымдуу маанай жана кызыктуу оюндар менен коштолуп, студенттердин талантын, чыгармачылыгын жана өз ара ынтымагын көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Иш-чараны ЛКк-1-26 тайпасынын куратору Султанали кызы Нурзада уюштуруп, студенттердин активдүү катышуусуна шарт түздү.

Мындай тарбиялык иш-чаралар жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө, чыгармачылык потенциалын ачууга жана студенттик ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.