1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

83

“Кыргыз тилинин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө” деген темада илимий лекция

2026-жылдын 19-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан «Кыргыз тилинин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө» аттуу илимий лекция, Акбуюков Мурат Муйдиновичтин жетекчилиги алдында уюштурулду.

Иш-чараны филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Асылбекова Ч.А. ачып сүйлөп, өз сөзүндө кыргыз тилинин улуттук баалуулук катары ордун, эне тилди илимий жактан изилдөөнүн маанисин жана жаш муундардын тил маданиятын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

 Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова Кенжебү Ибраимовна сөз сүйлөп, лекциянын темасынын актуалдуулугуна токтолду. Ошондой эле кыргыз тилинин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, тил менен маданияттын өз ара байланышын терең үйрөнүү жана улуттук руханий мурастарды сактоо бүгүнкү күндөгү маанилүү илимий багыттардын бири экендигин баса белгиледи.

Илимий лекциянын баяндамачысы — филология илимдеринин кандидаты, доцент Оморов Айтмамат Оморович кыргыз тилинин улуттук-маданий өзгөчөлүктөрү, тил менен улуттук дүйнө таанымдын байланышы, элдин тарыхы, каада-салты жана руханий баалуулуктарынын тилде чагылдырылышы боюнча мазмундуу баяндама жасады.

Лекциянын жүрүшүндө кыргыз тилинин улуттук иденттүүлүктү сактоодогу орду, маданий мурастарды муундан муунга өткөрүүдөгү мааниси жана эне тилди илимий негизде изилдөөнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындай илимий иш-чаралар студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, теориялык билимдерин тереңдетүүгө жана улуттук тилге болгон сый-урматын арттырууга өбөлгө түзөт.

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы илимий-агартуу багытындагы иш-чараларды уюштуруу менен билим берүү жана илимдин интеграциясын өнүктүрүүгө, жаш изилдөөчүлөрдүн потенциалын жогорулатууга жана кыргыз тилинин улуттук-маданий баалуулуктарын даңазалоого өзгөчө көңүл бурат.