1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

53

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары - улуттун руханий байлыгы жана дүйнөлүк адабияттын өчпөс мурасы

2026-жылдын 18-ноябрында саат 14:00дө Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине арналган тарбиялык саат өткөрүлдү.

Иш-чарага филология институтунун директору, филология илимдеринин кандидаты Асылбекова Ч.А. жана маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын башчысы Осмонова Кенжебү Ибраимовна сөз сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы орду, анын бай чыгармачылык мурасы, адамзатка таандык жалпы баалуулуктарды даңазалоодогу ролу жана чыгармаларынын жаш муундарды тарбиялоодогу мааниси тууралуу белгилешти.

Тарбиялык саат ЛАК-1-25 тайпасынын студенттеринин катышуусунда, куратор Акбуюков Мурат Муйдиновичтин жетекчилиги алдында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер улуу жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы, дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы, чыгармаларындагы адамгерчилик, мекенчилдик, достук жана улуттук баалуулуктар темалары боюнча ой бөлүшүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын калыптандыруу, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун баа жеткис адабий мурасын кийинки муундарга жеткирүү.