1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

112

Баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференция

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасынын 2023-2024-окуу жылынын жазгы семестриндеги Лак-1-22 тайпасынын студенттерин 1-апрелинен 20-апрелге чейинки баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн окуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы 26-апрель күнү болуп өттү. Конференецияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Жолдошалиева Н.С., кафедра башчы п.и.к., доцент Жолдошбаева Ы.К., кафедранын практика боюнча жооптуусу Осмонова К.И. жана окутуучулар катышышты. Конференциянын жүрүшүндө 2-курстун студенттери  баштапкы кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн окуу практикасын өткөндүгү тууралуу отчетторун беришти. Аталган конференция суроо-жооп түрүндө өтүп, студенттер биринчи практикасы жөнүндө ой-пикирлерин айтышты. Конференция максатына жетти деп жыйынтыкталды.