1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

15

«Заманбап лингвистикадагы тилдик инсан» - аттуу илимий-практикалык семинар

2026-жылдын 17-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан окутуучулар үчүн «Заманбап лингвистикадагы тилдик инсан» аттуу илимий-практикалык семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты - инсандын тилдик өзгөчөлүктөрүн изилдөө, тилдик инсан түшүнүгүнүн заманбап лингвистикадагы ордун талдоо жана бул багыттагы актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо болду.

Иш-чараны кафедра башчысы Осмонова Кенжебү Ибраимовна ачып, семинардын максатына жана теманын азыркы тил илиминдеги актуалдуулугуна токтолду. Ошондой эле Филология институтунун илимий иштер боюнча жооптуу жетекчи Көчөрова Гүлүмкан эжеке семинардын илимий маанисин белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө филология илимдеринин доктору, профессор Мырзахидова Миясар Инамажановна жана филология илимдеринин доктору, профессор Дарбанов Беркут Ерматович илимий баяндамалары менен чыгышты.

Баяндамаларда тилдик инсан түшүнүгүнүн теориялык жана практикалык аспектилери, тил менен инсандын өз ара байланышы, ошондой эле заманбап лингвистикалык изилдөөлөрдүн негизги багыттары каралды.

Иш-чаранын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, катышуучулар арасында пикир алмашуу жүрдү. Семинар илимий талкуу жана жыйынтыктоо менен аяктады.