1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

178

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК СААТ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетиндеги кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу  Г. Каленбекова  16-апрелде Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ФМББ (И)-1-23 тайпасына кыргыз тили жана адабияты предметинен "М. Алыбаев - акын жана сатирик" деген темада  ачык сабак өттү. Сабакта СОЖдун усулдары пайдаланылды.

Студенттер активдүү катышып, акындын чыгармалары боюнча ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Лирикаларынан, сатираларынан көркөм окушуп, ырларынын көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө талдоо жүргүзүштү, сүрөт-табышмактарга кызыктуу жоопторду беришти. Чыгармачылык тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарышты. Кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жетекчиси А. Шерипбаев жана окутуучу У. Омурзакова катышты.