Андижанга чыгармачыл иш сапары
Үстүбүздөгү жылдын 4-5-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Анжиян областынын Педагогдорго жаңы методдорду үйрөтүү улуттук борборунун директору профессор М.А.Абдуллаеванын Кыргыз Республикасынын Б. Осмонов ат. ЖАМУнун ректору профессор К.Усеновго жиберген (№77, 27.03. 2024-жыл) чакыруу катынын негизинде ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, Россия Табигый илимдер академиясынын академиги, М.И.Мирзахидова Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында кызмат сапарында болуп, жогоруда аты аталган борбордун өзбек тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили жана адабияты мугалимдерине жалпы тил илими, жеке тил илими, окутуунун заманбап жаңы усулдары предметтеринен сабак өттү.
Аткарылган сабактардан кийин мугалимдердин жана борбор жетекчилери, окутуучу-профессордук курамынын катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.
Борбордун жетекчилери тарабынан профессор М.И.Мирзахидованын сабактары жогорку деңгээлде өтүлгөндүгү белгиленип, ыраазычылык билдирилди.