ИЛИМГЕ КАРАЙ ДАГЫ БИР КАДАМ
2024-жылдын 4-апрелинде быйылкы окуу жылынын бүтүрүүчү магистранттарын илим-изилдөө ишине жиберүү конференциясы болуп өттү. Жыйынга кафедрадагы илимий жетекчилери жана ФББ(КТ)маг-1-22 тайпасынын магистранттары катышышты. Конференциянын жүрүшүндө кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев илим жаатындагы бир топ маселелерди айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт дегендей жаш изилдөөчүлөр тарабынан берилген бир канча суроолорго толук кандуу жооп берди. Кафедрадагы тажрыйбалуу окутуучу, ф.и.к., доцент А.Кадырова: “Ар дайым бир нерсенин үстүндө ойлонуп, изденүүдө болгондор сөзсүз ийгиликке жетет,” – деп, өз билимин тереңдетип, илимге карай бараткан бүтүрүүчүлөргө накыл кебин айтып, ийгилик каалап өттү. Ошентип конференция өз максатына жетип, ийгиликтүү аяктады.