1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

12

Кесиптик-профилдик практикага багыт алуу боюнча конференция өткөрүлдү

2026-жылдын 2-октябрь күнү Филология институтунун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында КТ-1-23 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практикага багыт берүүчү конференция уюштурулду. Иш-чарага Филология институтунун директору Асылбекова Чырашкан, кафедранын окутуучулары, практика жетекчилери жана студенттер катышты.

Конференциянын негизги максаты – студенттерди 5-октябрдан 14-ноябрга чейин өтүүчү кесиптик-профилдик практикага даярдоо, практиканын максат-милдеттери, уюштурулушу жана өтөө тартиби тууралуу кеңири маалымат берүү, ошондой эле студенттердин практика учурундагы жоопкерчилигин жана кесиптик даярдыгын арттыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге кесиптик-профилдик практиканын мааниси жана анын келечектеги адисти даярдоодогу орду тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Практика мезгилинде студенттер окуу процессинде алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдеп, өз адистиги боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болору белгиленди.

Филология багытында билим алып жаткан студенттер үчүн кесиптик-профилдик практика – келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө даярдануунун маанилүү баскычтарынын бири. Практика учурунда студенттер кесиптик чөйрөнүн өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышып, алган билимдерин турмуштук жана кесиптик кырдаалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, алардын өз алдынча иш алып баруу, жоопкерчилик, баарлашуу жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.

Конференцияда Филология институтунун директору А.Ч.Асылбекова студенттерге кайрылып, кесиптик практиканын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал студенттерди практика мезгилин натыйжалуу пайдаланууга, берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткарууга, практика өтөөчү мекемелердин ички тартибин сактоого жана өздөрүн келечектеги кесипкөй адис катары татыктуу алып жүрүүгө чакырды.

Ошондой эле кафедранын башчысы Г.К.Бакирова жана жетекчилери тарабынан студенттерге практиканы өтөө учурунда аткарылуучу иштер, практика күндөлүгүн жүргүзүү, отчеттук документтерди даярдоо, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу жана практика жетекчилери менен үзгүлтүксүз байланышта болуу боюнча кеңештер берилди.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, практика учурундагы милдеттери жана талаптары боюнча тиешелүү маалыматтарды алышты. Өзгөчө практикалык ишмердүүлүктө теориялык билимди туура колдонуу, кесиптик этиканы сактоо жана ар бир тапшырмага чыгармачылык менен мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди.

Мындай конференциялар студенттерди алдыдагы кесиптик ишмердүүлүккө багыттап, алардын практика учурунда өз милдеттерин так түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле окутуучулар менен студенттердин ортосунда тажрыйба жана пикир алмашууга шарт түзүп, билим берүү процессинин практикалык багытын күчөтүүгө кызмат кылат.

КТ-1-23 тайпасынын студенттерине кесиптик-профилдик практиканы ийгиликтүү өтөп, алдыга коюлган максат-милдеттерди сапаттуу аткаруусуна ийгиликтер каалайбыз!