1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

13

ФББ(КТ)маг-1-25 тайпасынын магистранттарын илимий- педагогикалык практикасына жиберүү алдындагы конференциясы

2026-жылдын 2-октябрында Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин ФББ(КТ)маг-1-25 тайпасынын магистранттарын илимий - педагогикалык практикасына жиберүү алдындагы конференциясы болуп өттү. Иш-чара практика боюнча жооптуу тарабынан уюштурулуп, ага институттун директору Ч.А. Асылбекова, кафедра жетекчиси Г.К.Бакирова, магистранттардын илимий жетекчилери жана окутуучулар катышты.

Илимий - педагогикалык практикасы — магистрдик билим берүүнүн маанилүү баскычы. Ал магистранттардын академиялык компетенциясын жогорулатууну, илимий - педагогикалык ой жүгүртүүсүн кеңейтүүнү жана тандаган темасы боюнча өз алдынча терең изилдөө жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрүүнү көздөйт. Конференциянын негизги максаты — магистранттарды алдыдагы төрт жумалык практика процессине даярдоо,  методологиялык көрсөтмөлөрдү берүү жана илимий иштин планын тактоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө институттун директору Ч.А. Асылбекова магистранттарды илимий – педагогикалык чеберчилигин жогорку сапатта жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, илимий жазуу маданиятын өздөштүрүү алардын келечектеги адистик кесипкөйлүгүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.

Кафедра жетекчиси Г.К. Бакирова практика учурунда сакталууга тийиш болгон академиялык талаптар, изилдөөнүн структурасы жана магистранттар үчүн отчеттук иштердин форматы тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, төмөнкүлөргө токтолду: бөлүнгөн мектептерге барып педагогикалык чеберчилик менен иш алып баруусун жана тандалган тема боюнча терең изилдөө иштерин жүргүзөөрүн баса белгилеп өттү.

Бир  илимий макала даярдоо: практиканын жүрүшүндө магистранттар темасына байланыштуу бир илимий макала жазып, аларды улуттук же эл аралык басылмаларга, же илимий жыйындарга сунушташы керек.

Иш-чаранын соңунда магистранттар өздөрүнүн илимий жетекчилери менен практика учурунда аткарыла турган иштер боюнча кеңештерди алышты.