1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

33

Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Тилимде – тарыхым, тилимде – тагдырым” аталышындагы маданий иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу ордун кеңири таанытуу, жаштар арасында эне тилге болгон урмат-сыйды калыптандыруу, улуттук баалуулуктарды жана кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын жайылтуу.

Программада кыргыз элинин тарыхы, көчмөн маданияты, улуттук каада-салты жана эне тилдин муундан муунга өтүп келе жаткан орду сахналык композициялар аркылуу чагылдырылды. Программанын жүрүшүндө көчмөн кыргыздардын жашоо-турмушун чагылдырган көрүнүштөр, боз үй маданияты, бешик салты, алдей ыры жана комуз күүсү тартууланды.

Ошондой эле чоң ата менен неберенин диалогу аркылуу кыргыз тилинин тарыхый өнүгүүсү, тилдин улуттук өзгөчөлүктү сактоодогу мааниси тууралуу түшүнүктөр берилди. Сахналык композицияда салт-санаанын жана руханий баалуулуктардын муундан муунга өтүшү өзгөчө белгиленди.

Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө кыргыз элинин тарыхый мурасы менен бүгүнкү күндүн байланышы көрсөтүлүп, жаштардын эне тилди сактоо жана өнүктүрүүдөгү жоопкерчилигине басым жасалды. Көркөм окуулар, музыкалык чыгармалар жана чыгармачылык номерлер иш-чаранын мазмунун толуктады.

Программанын жыйынтыктоочу бөлүгүндө келечек муунга арналган символдук кат аркылуу кыргыз тилин сактоо, кадырлоо жана кийинки муундарга жеткирүү идеясы берилди.

Иш-чаранын алкагында студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятка кызыгуусун арттырууга жана мамлекеттик тилди урматтоо маданиятын калыптандырууга багытталган бир катар мазмундуу композициялар көрсөтүлдү. Мындай иш-чаралар жаш муундун улуттук аң-сезимин калыптандырууга, кыргыз тилинин коомдук маанисин жогорулатууга жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.