1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

78

 Тил майрамына карата ИИМдин Күзөт кызматынын өкүлдөрү филологдор менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын күзөт бөлүмүнүн милиция батальонунун өздүк курамы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун илимий-билим берүү комплексинин Филология институтун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту. Бул маанилүү жолугушууну кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Каленбекова Гулбарчын жогорку деңгээлде уюштурду.

Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын күзөт бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Закиров Нурбек Кожошович баш болуп келди.

Жолугушууну кафедра башчысы ф.и.к, доцент Г.К. Бакирова ачып, алгачкы куттуктоо сөзүн Филология институтунун директору, ф.и.к. Асылбекова Чырашканга берди. Андан соң кафедранын профессору Ибраим Абдувалиев сөз сүйлөп, кыргыз тилинин байыркы тилдердин бири экенине токтолду. Ал бүгүнкү күндө кытай архивдеринен табылган изилдөөлөр кыргыз тилинин үч миң жылдык тарыхы бар экенин далилдеп жатканын баса белгиледи.

Муну менен катар филология илимдеринин кандидаты Айтмамат Оморов да сөз сүйлөп, шаардык күзөт кызматкерлеринин иш кагаздарын жүргүзүү тармагында бир топ жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, иш алып барып жатканын оң баалады.

Иш-чаранын соңунда сөз конокторго берилди. ИИМдин Күзөт кызматынын Манас шаарынын күзөт бөлүмүнүн милиция майору Тилек Жусупов кафедра жамаатын тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, көрсөткөн меймандостугу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле күзөт кызматкерлери өз кезегинде «Кыргызтест» системасы боюнча суроолорун берип, тийиштүү жоопторду алышты.

Бул майрамдык жолугушуу кыргыз тили жана адабияты профилинин таланттуу студенттеринин даярдаган көркөм окууларына уланды. Студенттер эне тилибиздин кадыр-баркын, улуулугун даңазалаган жүрөк толкуткан ырларды көркөм окуп беришип, келген конокторго өзгөчө маанай тартуулап, кечени мазмундуу жыйынтыкташты.