1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

38

Эл аралык илимий конференция

2026-жылдын 18-сентябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу жана кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгондугунун 37 жылдыгына карата белгилүү окумуштуу, лексиколог, библиограф, филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаровдун 90 жылдыгына арналган «Профессор Ш. Жапаровдун кыргыз тил илимине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор И. Абдувалиев катышып, университеттин жана кафедранын жалпы жамаатынын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Илимий иш-чаранын алкагында профессор И. Абдувалиев «Кыргыз тилиндеги этиш сөздөрдүн сөздүктө чагылдырылышы» аттуу баяндама жасап, кыргыз тилиндеги этиш сөздөрдүн сөздүктөрдө берилиши, алардын лексикалык-семантикалык өзгөчөлүктөрү жана лексикографиялык жактан иштелиши тууралуу илимий пикирлерин ортого салды.

Конференцияда профессор Ш. Жапаровдун кыргыз тил илимине, өзгөчө лексикология жана лексикография тармактарына кошкон илимий салымы кеңири талкууланып, окумуштуунун баалуу илимий мурасын жайылтуу жана кийинки муундарга жеткирүү маселелерине көңүл бурулду.

 Эл аралык илимий-практикалык конференция илимпоздордун тажрыйба жана илимий изилдөөлөрү менен бөлүшүүсүнө, кыргыз тил илиминин актуалдуу маселелерин талкуулоого жана профессор Ш. Жапаровдун бай илимий мурасын кеңири жайылтууга маанилүү өбөлгө түздү. Конференциянын алкагындагы баяндамалар кыргыз тилинин лексикология жана лексикография багыттарын өнүктүрүүгө багытталган илимий пикир алмашууга жол ачты.