1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

66

1

Кыргыз тили – улуттун руханий мурасы

2026-жылдын 18-сентябрында Манас шаарындагы областтык китепканада 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тили – улуттун руханий мурасы» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бул маанилүү руханий иш-чарага "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинен атайын өкүлдөрбарып катышып, эне тилибиздин актуалдуу маселелерине арналган мазмундуу баяндамаларды жасашты.

К.Б. Калчакеев — Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, филология илимдеринин доктору, «Кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж» аталышындагы баяндама жасады. Профессор өз баяндамасында тилди жөн гана коргоо менен чектелбей, аны күнүмдүк турмушта, илимде жана бардык тармактарда жайылтып, күн сайын жигердүү колдонуу зарылдыгын терең далилдеп берди.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Г.Т. Каленбекова “Тилге болгон урмат – келечекке салынган инвестиция” аталышындагы баяндамасында   Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тил жана адабияты кафедрасынын окумуштуулары тарабынан мамлекеттик тилдин илимий базасын бекемдеген фундаменталдуу окуу китептери, окуу куралдары жана «Эр Табылды» эпосунун көрсөткүчтөрү жарык көрүп, республикага кеңири жайылтылып жаткандыгын баса белгиледи.

Тилдин географиясын кеңейтүү максатында чет өлкөлүк студенттерге жана жарандарга арналган окуу китептери түзүлүп, атайын тил курстары ийгиликтүү өткөрүлүп келет. Ошондой эле кафедрадагы «Мамлекеттик тил» ийриминин студенттери илимий-чыгармачылык тармакта алдыңкы орундарды ээлеп, активдүү эмгектенишүүдө. Муну менен катар «Тил сакчылары» акциясынын алкагында шаардагы көрнөк-жарнактардагы каталар талданып, мэрияга расмий кайрылуу даярдалып жаткандыгына токтолду.

«Мамлекеттик тил – биздин улуттук жүзүбүз, биримдигибиздин күзгүсү. Университетибиздин атынан мындай маанилүү иш-чарага катышып, өз ойлорубузду ортого салганыбыз чоң сыймык.»

Конференциянын жыйынтыгында активдүү катышып, маанилүү баяндамаларды жасаганыбыз үчүн областтык китепкананын жетекчилиги тарабынан ардактуу ыраазычылык каттары менен сыйланды.. Иш-чара абдан мазмундуу жана жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.