1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

36

Урааным – Манас, улутум – кыргыз 

2026-жылдын 18-сентябрь күнү тарыхый жана маданий мурастарды изилдөөчү Пайшамбаев Акылбек Икрамовичтин катышуусунда, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Фундаменталдык колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар» илимий-изилдөө институтунун директору, филология илимдеринин доктору Калчекеев Кубанычбек Бекболотович, Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы ошондой эле КТ-1-24, КТ-1-26, КТк-2-26 тайпаларынын студенттери менен кыргыз элинин улуттук руханий мурасы болгон «Манас» эпосунун үчилтигин – «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун кеңири жайылтуу жана популяризациялоо максатында «Урааным – Манас, улутум – кыргыз» аталышындагы кереге кеңеш өткөрүлдү.

Кереге кеңештин жүрүшүндө «Манас» үчилтигинин кыргыз элинин тарыхындагы, маданиятындагы жана руханий дүйнөсүндөгү орду, эпостун улуттук нарк-насилди, мекенчилдикти, элдин биримдигин, адамгерчиликти жана акылмандыкты даңазалаган идеялары тууралуу кеңири пикир алмашуулар болду.

Иш-чарада «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун муундан-муунга өтүп келе жаткан баа жеткис мурас экендиги белгиленип, жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Адистер тарабынан эпосту илимий жактан изилдөө, окутуу жана жаш муундар арасында кеңири жайылтуу боюнча мазмундуу маалыматтар берилип, студенттердин суроолоруна жооптор айтылды.

Кереге кеңештин жүрүшүндө студенттер да активдүү катышып, «Манас» эпосунун бүгүнкү коомдогу орду, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандыруудагы мааниси жана мурасты кийинки муундарга жеткирүү зарылдыгы тууралуу өз ойлорун билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – «Манас» үчилтигинин улуулугун даңазалоо, жаштарды улуттук руханий баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо, эпосту кеңири жайылтуу жана анын мазмунун жаш муундарга жеткирүү менен бирге, студенттердин тарыхый-маданий мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу болду.

«Манас» – кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын, салт-санаасын жана руханий дөөлөттөрүн камтыган түбөлүктүү мурас. Аны аздектеп сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү – ар бир муундун ыйык милдети.