1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

47

«Билим – келечекке жол» аталышындагы тарбиялык саат өткөрүлдү

2026-жылдын 15-сентябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасында КТ-1-26, КТк-2-26 тайпаларынын студенттерине карата Билим күнүнө арналган «Билим – келечекке жол» аталышындагы тарбиялык саат өткөрүлдү.

Тарбиялык саатты тайпалардын куратору, окутуучу Кудайкулова Г.О. уюштуруп, иш-чаранын жүрүшүндө билимдин адамдын жеке өнүгүүсүндөгү, кесиптик калыптануусундагы жана коомдун келечегин түзүүдөгү мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку окуу жайындагы окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга багыт берүү, алдыга так максат коюп, өз кесибин терең өздөштүрүүгө умтулуусун калыптандыруу болду.

Тарбиялык саатта «Билим – адамдын келечегине жол ачкан негизги баалуулук» экендиги белгиленип, азыркы коомдо билимдүү, изденген жана өз кесибин мыкты билген адистерге болгон талаптын жогорулап жаткандыгы тууралуу пикирлер айтылды. Ошондой эле студенттик мезгилди натыйжалуу пайдалануу, китеп окуу, өз алдынча билим алуу, жаңы маалыматтарды өздөштүрүү жана убакытты туура пайдалануу боюнча пайдалуу кеңештер берилди.

Студенттер өз ойлорун ортого салып, «Менин келечектеги максатым», «Билимдин адам жашоосундагы орду», «Тандаган кесибим жана келечегим» сыяктуу багыттарда пикир алышты. Өзгөчө жаңы окуу жылын жакшы максаттар жана бийик тилектер менен баштоо, университетте сапаттуу билим алып, коомго пайдалуу адис болуу зарылдыгы баса белгиленди.

Иш-чаранын соңунда студенттерге жаңы окуу жылында ийгиликтерди жаратып, билимге умтулуу менен бирге адамдык сапаттарды да өркүндөтүп, өз кесибинин мыкты адиси болууга аракет кылуу тууралуу каалоо-тилектер айтылды.

«Билим – келечекке жол» аталышындагы тарбиялык саат студенттердин жаңы окуу жылына болгон кызыгуусун арттырып, алардын келечекке болгон максаттарын аныктоого жана билим алуунун маанисин терең түшүнүүгө өбөлгө түздү.