1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

73

1

Тил жана маданият көпүрөсү: кытайлык адистер кыргыз тилин үйрөнүүдө

Апрель-июнь айларында кыргыз-кытай кызматташтыгын колдоо максатында Жалал-Абад облусунда эмгектенип жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн кыргыз тили курсу уюштурулду. Бул саамалыкты кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Гүлбарчын Тайырбековна Каленбекова жетектеп, сабактарды жогорку деңгээлде өттү.

Курска негизинен Конфуций институтунун окутуучулары жана Кыргызстанда иштеген кытайлык компаниялардын жеке ишкерлери катышты.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана логистикалык байланыштардын жигердүү өсүшү кыргыз тилин баштапкы деңгээлде билген кытайлык адистерге болгон суроо-талапты жогорулатты.

Бул курс Кыргызстанда жашап жана иштеп жаткан кытайлык жарандардын тилдик тоскоолдуктарды жеңип, жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүүсүнө шарт түзөт.

Окутуу процесси угуучулардын күнүмдүк турмуштук адаптациясын жеңилдетүүгө жана жумуш ордунда базалык кесиптик коммуникацияны калыптандырууга багытталган. Программа кытай тилдүү аудиториянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кыска убакыттын ичинде эң керектүү сүйлөө көндүмдөрүн натыйжалуу өнүктүрүүгө ылайыкташтырылган.

Курстун алкагында угуучулар кыргыз тилинин тыбыштык системасын, лексикасын жана грамматикасын базалык деңгээлде өздөштүрүштү. Практикалык сабактарда төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду: кыргыз алфавити жана муун түзүлүшү; туура айтуу (орфоэпия) эрежелери; грамматикалык каражаттардын жардамы менен өз алдынча сүйлөм түзүү; байланыштуу кепти өстүрүү көндүмдөрү.

Мындан тышкары, кытайлык угуучулар кыргыз элинин маданий баалуулуктары, каада-салты чагылдырылган атайын адаптацияланган тексттер менен таанышышты. Аларды окуу, которуу жана талкуулоо аркылуу сөз байлыгын арттырып, күнүмдүк турмушта жана баштапкы иш кагаздарын жүргүзүүдө алган билимдерин практикалык түрдө колдонууга багыт алышты.

Курстун катышуучулары А1 (башталгыч) деңгээлиндеги сабактарга жигердүү катышып, берилген тапшырмаларды так аткарышты. Алар кыргыз тилин чоң кызыгуу менен үйрөнүшүп, өзгөчө кыргыз тилинин негизги өзгөчөлүгү болгон – үндөштүк мыйзамын (сингармонизм) өздөштүрүү тилди туура түшүнүүдө абдан маанилүү экенине ынанышты.

Кыргыз тили предметин окуп-үйрөнүү менен чет өлкөлүк жарандар көп тил билген, өзү билим алып, иштеп жаткан өлкөнүн маданий баалуулуктарын сыйлаган жана маданият аралык коммуникациянын негиздерин өздөштүргөн жогорку деңгээлдеги адис катары калыптанышат.