1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

113

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында жаңы окуу жылына карата НББП талкууланды

2026-жылдын 11-июнь күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасында иш берүүчүлөр менен эксперттердин катышуусунда 2026-2027-окуу жылына карата негизги билим берүү программасын (НББП) өркүндөтүү боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга НББПны түзүүчүлөрдүн өкүлдөрү – Манас шаарындагы Ж.Болотов атындагы №21 жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ж.Б.Кебекова, Манас шаарындагы А.Усман атындагы №7 жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору З.Ш.Асанбекова, Сузак районундагы С.Атабеков атындагы №88 жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору З.К.Сапарбековалар иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катары, тышкы эксперттер – Борбор Азия Эл аралык медициналык университетинин кафедра башчысы, ф.и.к., доцент А.М.Турдубаева, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин доценти, ф.и.к. А.А.Султанова жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

Талкуунун жүрүшүндө билим берүү программасынын мазмуну, окутуунун натыйжалары, компетенттүүлүккө негизделген мамиле, практикалык даярдыктын сапаты, эмгек рыногунун талаптарына шайкештиги жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгын жогорулатуу маселелери кеңири талкууланды.

Иш берүүчүлөр тарабынан мамлекеттик тилди терең өздөштүргөн жана педагогикалык ишмердүүлүккө даяр адистерди даярдоого багытталган бир катар сунуш-пикирлер айтылды:

- болочок мугалимдердин кесиптик билим-билгичтиги менен катар педагогикалык этиканы сактоосу, окуучулар, ата-энелер менен туура жана натыйжалуу баарлашуу маданиятына ээ болушу;

- бүтүрүүчүлөрдүн өз ара сый-урматка негизделген мамиле түзүүгө, тарбиялык иштерди жүргүзүүгө жана билим берүү процессиндеги бардык өнөктөштөр менен ийгиликтүү кызматташууга даяр болушу.

Ал эми эксперттер НББПнын түзүмү өкмөттүк токтом, көрсөтмөлөрдүн негизинде түзүлгөн билим берүү стандарттарынын талаптарына жооп берерин белгилеп, анын түзүмү, окуу планына киргизилген жаңы дисциплиналардын мазмуну, алардын билим берүүдөгү актуалдуулугу жана болочок адистерди даярдоодогу мааниси, окутуудан күтүлүүчү натыйжалар тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Талкуунун жүрүшүндө эксперттер жаңы дисциплиналардын билим берүү программасына киргизилиши негиздүү чечим болгонун белгилешип, алардын мазмуну өкмөттүк токтом, көрсөтмөлөрдүн талаптарына, билим берүү стандарттарына, заманбап окутуу технологияларына жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнө коюлган талаптарга ылайык келерин белгилешти.

Бул иш-чара 2026-2027-окуу жылы үчүн түзүлгөн негизги билим берүү программасынын сапатын жогорулатууга, социалдык өнөктөштөр, алардын ичинен, иш берүүчүлөр жана эксперттер менен кызматташууну чыңдоого, ошондой эле эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү, кесиптик жана инсандык сапаттары жогору адистерди даярдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.