1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 день назад

15

 И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтундагы конок лекция

2026-жылы «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти филология илимдеринин кандидаты Д.И.Алтаева И.Арабаев атындагы КМУнун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын студенттерине академиялык мобилдүүлүктүн алкагында “Түркология” дисциплинасынан “Байыркы түрк тилдери жөнүндө маалымат” деген темада конок лекция өттү. Лекция абдан кызыктуу өттү. Анткени тилдин өнүгүү доорлору жөнүндө кеңири баяндама жасалды. Суроо-жооп иретинде көптөгөн маселелер талкууланды. Студенттердин да кызыгуусу артып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу менен бирге, ыраазычылыктарын да билдиришти.

Окуу жайдын жетекчилиги окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты чыңдоо максатын ишке ашыруу менен бирдикте, ыраазычылык билдиришти. Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун орун басары ф.и.д., проф. А.Эгембердиева конок лекциянын аягында ф.и.к., доц.м.а. Д.И.Алтаевага окуу жайдын ыраазычылык катын тапшырды.