1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

30

Бүтүрүүчүлөр менен маек жүргүзүлдү

2026-жылдын 29-май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты адистигинин бүтүрүүчүлөрү Торобекова Чолпонай Уланбековна, Абдуллаева Уларкан Маткасымова жана Нурмамат кызы Дилде менен жолугушуу-маек уюштурулду.

Маектин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин ийгиликтүү аяктап, бүгүнкү күндө ошол эле окуу жайдын педагогикалык колледжинде үзүрлүү эмгектенип жаткандыктарын белгилешти. Алар студенттик жылдары алган билимдери кесиптик жактан калыптануусуна, эмгек рыногунда өз ордун табуусуна жана кызматтык милдеттерин сапаттуу аткаруусуна чоң көмөк көрсөткөнүн баса белгилешти.

Өз сөздөрүндө бүтүрүүчүлөр кафедранын профессордук-окутуучулук курамына өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришти. Алар адистикте илимий даражалуу, жогорку квалификациялуу жана көп жылдык тажрыйбага ээ окутуучулар эмгектенерин белгилеп, алардын терең илимий билими, сабактарды жөнөкөй жана түшүнүктүү жеткирүү чеберчилиги, студенттерге болгон камкор мамилеси ар бир бүтүрүүчүнүн кесиптик өсүшүнө бекем негиз болгонун айтышты.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр кафедрада жүргүзүлүп жаткан илимий иштердин деңгээли жогору экендигин, окутуучулардын илимий изилдөөлөргө активдүү катышуусу студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын чыгармачылык жана изилдөөчүлүк жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө шарт түзөрүн белгилешти. Алар университетте алган билимдери бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпой, кесиптик ишмердүүлүктө кеңири колдонулуп жатканын белгилешти.

Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, мындай иш-чаралар бүтүрүүчүлөр менен кафедранын байланышын чыңдап, азыркы студенттердин келечектеги кесиптик багытын аныктоосуна жана билим алууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.