1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

Практикаларды жыйынтыктоочу конференциялар

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунда КТс-1-22 тайпасынын кесиптик-базалык практикасынын жана ФББ(КТмаг)-1-25 тайпасынын башкаруу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Иш-чарага кафедра башчысы, практика жетекчилери, окутуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Конференциянын негизги максаты - студенттердин практика учурундагы ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгаруу, алардын кесиптик даярдыгын баалоо жана келечектеги иш-аракеттерине багыт берүү болду.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн практика өткөн мекемелери тууралуу кеңири маалымат беришип, аткарган иштери, колдонгон усул-ыкмалары, жетишкен ийгиликтери жана туш болгон кыйынчылыктары тууралуу мазмундуу баяндама жасашты. Айрыкча, кесиптик-базалык практикадан өткөн студенттер сабак өтүүдө заманбап окутуу технологияларын колдонуу, окуучулар менен иш алып баруу тажрыйбасын топтоо сыяктуу маанилүү көндүмдөргө ээ болгондуктарын белгилешти. Ал эми башкаруу практикасын өткөн магистранттар билим берүү мекемелериндеги башкаруу процесстери, уюштуруучулук иштер жана документ жүргүзүү боюнча алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө кеңири талдоо жүргүзүп, алардын жоопкерчиликтүүлүгүн, чыгармачылыгын жана кесипкөйлүк сапаттарын өзгөчө белгилешти.

Конференциянын алкагында активдүү жана мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен студенттер белгиленип, алардын ишмердүүлүгү жогору бааланды. Жалпысынан алганда, практикалар өз максатына жетип, студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууда маанилүү экени белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар студенттерге мындан аркы окуу жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, мындай практикалык иштердин маанисин дагы да жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.