1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

36

"Жашоо баалуулугу жана зомбулукка жол жок" темасындагы куратордук саат

 Бүгүнкү коомдогу эң актуалдуу көйгөйлөрдүн бири — үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана анын кесепети катары келип чыккан суицид маселеси. Ушул максатта окуу жайыбызда жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, психологиялык туруктуулугун бекемдөө жана зордук-зомбулукка каршы терс көз карашын калыптандыруу багытында өзгөчө мааниге ээ болгон «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана суициддин алдын алуу» деген темада кезектеги тарбиялык саат өткөрүлдү.

       Студенттерге үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, зордук-зомбулуктун түрлөрү (психологиялык, физикалык, экономикалык) жана анын инсандын психологиясына тийгизген терс таасирлери тууралуу терең маалымат берүү, ошондой эле өмүргө коркунуч келтирген кризистик кырдаалдардан чыгуунун жолдорун түшүндүрүү болду.

            Студенттер өздөрүнүн даярдап келген жаштардын арасындагы суициддин келип чыгышы, алардын алуу боюнча иш-аракеттер тууралуу слайддары менен бөлүшүп, сдуденттер арасында суроо жооп, талкуулар болду.