1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

25

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү

“Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Филология институтунда маанилүү иш-чара уюштурулду. Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору И. Абдувалиев жана улук окутуучу Г.Т. Каленбекова Манас шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кесипке туура багыт берүү максатында атайын жолугушууларды өткөрүп келишти.

Иш-чаранын алкагында Б. Осмонов атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектеби жана Ж. Болотов атындагы №21 жалпы билим берүүчү орто мектептеринде окуу иштери боюнча директордун орун басарлары менен биргеликте бүтүрүүчү класстардын окуучулары менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга ЖАМУдагы заманбап мүмкүнчүлүктөр, сунушталып жаткан адистиктер жана билим берүүнүн артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берилип, аларды келечекте аталган окуу жайдан билим алууга чакырышты.

Жолугушууда сөз алган профессор И. Абдувалиев кыргыз тилинин тарыхый улуулугуна токтолуп:

“Кыргыз тили – дүйнөдөгү эң байыркы жана бай тилдердин бири. Бирок бүгүнкү күндө да эне тилибизге тиешелүү бир катар маанилүү маалыматтар, тарыхый барактар толук такталбай, терең изилденбей келет. Силер өлкөнүн жана улуттун келечек ээсисиңер. Алдыда эне тилибиздин кадырын көтөрө турган, улуттук баалуулуктар үчүн күйө турган, илимдин туусун көтөрө турган кесипкөй адистердин зарылдыгы абдан чоң”, - деп баса белгилөө менен окуучуларды кыргыз тили жана адабияты адистигин тандоого чакырды.

Ал эми улук окутуучу Г.Т. Каленбекова өз кезегинде бүтүрүүчүлөргө университеттин ички жашоосу, студенттер үчүн түзүлгөн заманбап шарттар, материалдык-техникалык база, стипендиялар жана эл аралык программалар тууралуу айтып берди. Ошондой эле   университеттин алдыңкы студенттеринин жетишкендиктеринен мисал келтирип, ЖАМУ ар бир жаштын талантын ачууга жана сапаттуу билим алуусуна чоң өбөлгө түзөрүн кеңири түшүндүрдү.

Жолугушуунун соңунда мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти. Бул сыяктуу иш-чаралар жаш өспүрүмдөрдүн келечекте өз ордун табуусуна жана кесипти туура тандоосуна чоң көмөк көрсөтөрү шексиз.