1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

47

Жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын (№46 тескеме) жана КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин № 247, 28.08.2025 катын ишке ашыруу максатында окуу жайда жана коомдук жайларда диний негизде жүзүн жаап жүргөн жарандарга карата улуттук баалуулуктарды эске алуу менен түшүндүрүү иштерин уюштуруу боюнча келген тескемелердин негизинде КТ-1-24, КТ-1-22 тайпаларына кураторлор тарабынан улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды сактоо жана диний экстремисттик, террористтик уюмдардын жат идеологияларынын жайылышына бөгөт коюу багытында атайын куратордук саат өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын алкагында негизги көңүл коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жарандардын, өзгөчө жаштардын кийинүү маданиятына бурулду. Буга байланыштуу, студенттер арасында кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан улуттук баалуулуктарын, кийинүү тартибин жана маданиятын сактоо боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле, диний негизде жүздү толугу менен жаап жүрүү (паранжа, никаб ж.б.) көрүнүштөрүнүн алдын алуу максатында, мындай жат маданияттар улуттук өзгөчөлүгүбүзгө туура келбей турганы тууралуу студенттерге сылык, туура маанайда алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аны менен катар тарбиялык иш-чаранын жүрүшүндө маанилүү маселелер да кеңири талкууланып, жаштар арасында радикалдык маанайдагы диний агымдардын терс таасирлерин алдын алуу, диний сабаттуулукту арттыруу жана улуттук коопсуздукту чыңдоо маселелерине өзгөчө басым жасалды. Билим берүү мекемелеринин ички тартип эрежелерин сактоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо керектиги белгиленди. Муну менен бирге, жаш муунду улуттук каада-салттын, мекенчилдиктин жана сабырдуулуктун духунда тарбиялоо – бүгүнкү күндүн башкы талабы экени айтылды. Жыйынтыгында, өлкөбүздүн туруктуулугу жана жаркын келечеги үчүн ар бир студентти терс идеологиялардан алыс болуп, сапаттуу билим алууга өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырышты.