1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

53

Улуттук наркты сактоо – уңгу жолдун өзөгү

2022-2027-жылдарга “Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү" жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча "Жол картаны" бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы №13 токтомун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 6-февралындагы №12-6 сандуу буйругун ишке ашыруу максатында ЖАМУнун Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын студенттерине 21-май күнү 2025-2026-окуу жылына карата улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү багытында "Улуттук нарк-жалпы биримдиктин башаты" темасында тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдо студенттер берилген тапшырмалардын негизинде кыргыз элинин улуттук каада-салттары улуттун нарктуулугун көрсөтүүчү чен-өлчөм экендигин, азыркы ааламдаштыруу алкагында кыргыз эли чоң мамлекеттердин эпкини менен өз тилин, улуттук баалуулуктарын жоготуп албоосу тууралуу презентация аркылуу кеңири сөз болду. Куратор А.Шерипбаев каада-салт менен улуттук наркты айырбаштап албоо керек экендигин эскертип, маркумду узатуу, той-тамашаларда ашкере чыгымдарды сарптап, ысырапкорчулукка жол берүү сыяктуу маселерди  улуттук нарк менен чаташтырбоону эскертти.