1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

17

Кыргыз тили жана адабияты адистигинин сыймыктуу бүтүрүүчүсү 

 2026-жылдын 19-май күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Кыргыз тили жана адабияты адистигинин бүтүрүүчүсү Ажикулова Актилек Маматовна менен маек уюштурулду. Маектин жүрүшүндө бүтүрүүчү өзүнүн студенттик жылдары, учурдагы эмгек жолу, окутуучулары жана окуу жай тууралуу кеңири ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ажикулова Актилек Маматовна Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун Кыргыз тили жана адабияты адистигин ийгиликтүү аяктаган. Университеттен  алган билими анын келечектеги кесиптик багытын аныктап, турмуштук көз карашын калыптандырган өзгөчө мезгил болгонун белгиледи.

Азыркы учурда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун колледжинде эмгектенип жатканын айтып, мугалимдик кесип чоң жоопкерчиликти, чыдамкайлыкты жана үзгүлтүксүз изденүүнү талап кыларын баса белгиледи. Анын айтымында, студент кезинде алган теориялык билимдери, педагогикалык практикалары жана окутуучулардын кеп-кеңештери бүгүнкү күндө өз ишин ийгиликтүү алып баруусуна чоң жардам берүүдө.

Бүтүрүүчү учурда Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасында эмгектенип жаткан окутуучулар жамааты тууралуу жакшы пикирин билдирди. Алар студенттерге сапаттуу билим берүү менен гана чектелбестен, ар бир студенттин келечегине кайдыгер карабастан, туура багыт берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүп келишкенин айтты. Бүгүнкү күнү да бул адистикте өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган, билимдүү, тажрыйбалуу жана чыгармачыл окутуучулар эмгектенип келишет. Алар студенттерге заман талабына ылайык билим берүү менен катар, жаштардын руханий дүйнөсүн байытууга, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана кесипке болгон кызыгуусун арттырууга өзгөчө көңүл буруп жатышканын белгиледи.

Маектин соңунда бүтүрүүчү  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети сапаттуу билим берип, өлкөгө керектүү адистерди даярдап келе жаткан кадыр-барктуу окуу жай экенин белгиледи. Ал университеттен алган билим ар бир бүтүрүүчүнүн келечектеги ийгилигине бекем негиз болоорун айты.

Мындай маектер бүтүрүүчүлөр менен университеттин байланышын чыңдоого, студенттерге мотивация берүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.