1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

25

Кесипке багыт берүү иш-чаралары уланууда

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун алдындагы педагогикалык колледжинин эмгек жамааты жана бүтүрүүчү курстарынын студенттери менен жолугушту.

Бул жолугушуу кадимки кесипке багыт берүү иш-чараларынан өзүнүн өзгөчөлүгү жана өзгөчө жылуулугу менен айырмаланды. Себеби бүгүнкү күндө аталган педагогикалык колледжде эмгектенип, жаш муунга билим берип жаткан алдыңкы окутуучулардын олуттуу бөлүгү – ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигин ийгиликтүү аяктап кеткен өздөрүнүн сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү болуп саналат.

Жолугушуунун башталганында кафедра окутуучулары кечээки өздөрүнүн студенттери, бүгүн болсо кесиптеш болуп, педагогикалык колледжде үзүрлүү эмгектенип жаткан жаш адистердин жетишкендиктерине күбө болушуп, кубанычтарын жашырышкан жок. Бул жагдай кыргыз тили жана адабияты кафедрасы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдап жаткандыгынын айкын далили катары бааланды.

Иш-чаранын алкагында кафедранын сыймыктуу бүтүрүүчүсү, бүгүнкү күндө педагогикалык колледждин тажрыйбалуу окутуучусу Актилек Ажикуловага өзгөчө урмат-сый көрсөтүлдү. Ал окуу жайды бүтүрүп кеткенден кийин да кафедра менен тыгыз байланышта болуп, бүтүрүүчүлөрдүн өкүлү катары ар тараптуу кызматташып жана биргелешкен иш-чараларды колдоп келет. Анын ушул күнгө чейинки кафедранын өнүгүшүнө жана эки түзүмдүк бөлүмдүн байланышын бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн кафедра жетекчилиги тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге ЖАМУда түзүлгөн акыркы үлгүдөгү заманбап шарттар, инновациялык технологиялар, интерактивдүү такталар менен жабдылган өзгөчө аудиториялар, бай китепкана фонду жана электрондук ресурстар тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле билим алууга шыктандыруу максатында каралган мамлекеттик жана ички стипендиялык программалар, жеңилдиктер тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр камтылган слайддар көрсөтүлдү.

Бул жолугушуунун дагы бир өзгөчөлүгү кезинде ушул эле педагогикалык колледждин босогосун аттап, аны ийгиликтүү бүтүрүп кеткен, ал эми бүгүнкү күндө кыргыз тили жана адабияты кафедрасында билим алып жаткан студенттердин кайрадан өз окуу жайына үгүт иштери менен кайтып келиши болду. Алар менен бирге барган профилдин таланттуу студенттери жолугушуунун көркүн ачышты. Айрыкча, кафедранын калеми курч, жаш төкмө жана акын студенттери өздөрүнүн жүрөктөн чыккан автордук чыгармаларын, сүйүү темасындагы ырларын көркөм окуп беришти. Төгүлүп ыр окуган жаш акындардын бул өнөрү өзгөчө суктанууну жаратып, колледжде билим алган кыздардын табитине туура келип, алардын назарына жана кызуу кол чабууларына арзый алды. Мындай маданий мүнөздөгү иреттүү программа студенттерге бир гана маалымат бербестен, алардын руханий дүйнөсүнө да өзгөчө жагымдуу маанай тартуулады. Иш-чаранын аягында педагогикалык колледждин жамааты окутуучуларга терең ыраазычылык билдиришип, университет менен колледждин ортосундагы бул тыгыз байланыш мындан ары да бекемделе берерин баса белгилешти.