1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

110

Нооруз майрамы

Филология факультетинин кыргыз тили жана алдабияты кафедрасынын Кт-1-23 тайпасынын студенттери 20-март күнү кафедранын профессордук-окутуучулук жамаатын 21-март Нооруз майрамы жана да жаз майрамы менен куттукташып, чакан концерттик программадагы ыр-белектерди тартуулашты. Пакистандык студентибиз Ахмед Машхуд билим жана тарбия берген агай-эжекелерине, бирге окуган тайпалаштарына  арнап,  кыргыз тилинде каалоо-тилектерди айтты.  Орозалиева Гүлзат  умай эненин ролун аткарып, кыргыз элине  амандыкты, токчулукту, молчулукту, тынчтыкты тилеп, алас айтып, ак батасын берди. Ошондой эле башка студенттер обондуу ырларды аткарышып, окутуучулардын  маанайын көтөрүштү.

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты иш-чараны уюштурган куратору фил.и.к. Г.Көчөровага ыраазычылык билдиришти.