1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

31

ЖАМУда кесипке багыт берүү: Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы чет тилдер колледжинин бүтүрүүчүлөрү менен жолукту

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө мектеп бүтүрүүчүлөрүн жана колледждердин студенттерин кесипке багыттоо, аларга туура жол көрсөтүү максатында жигердүү иш-аракеттер жүрүп келет. Бул багыттагы иш-чаралардын алкагында, 19-май күнү Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова жетектеген профессордук-окутуучулар курамы университеттин алдындагы чет тилдер колледжине атайын иш сапары менен барышты.

Иш-чаранын башкы максаты – колледждин бүтүрүүчү курстарынын студенттерине ЖАМУдагы багыттар, анын ичинде кыргыз тили жана адабияты адистигинин артыкчылыктары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана келечектеги эмгек рыногундагы орду тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө кафедранын окутуучулары бүгүнкү күндө кыргыз тили жана адабияты адистигинин эмгек рыногундагы орду, анын заманбап өзгөчөлүктөрү жана актуалдуулугу тууралуу кеңири маалымат беришти. Заман талабына ылайык, бул кесип бир гана мугалимдик менен чектелбестен, медиа, санариптик контент түзүү, басма сөз жана коомчулук менен байланыш тармактарында да суроо-талапка ээ экендиги өзгөчө белгиленди.

Муну менен катар, бүтүрүүчүлөргө университетте түзүлгөн акыркы үлгүдөгү заманбап шарттар, интерактивдүү такталар менен жабдылган инновациялык аудиториялар, электрондук ресурстардан акысыз колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Ошондой эле студенттердин талантын жана илимий дараметин өнүктүрүүгө багытталган техникалык базага токтолушту. Билим алууга шыктандыруу максатында ЖАМУда каралган мамлекеттик жана ички стипендиялык программалар, окуудагы, спорттогу жана коомдук иштердеги жетишкендиктер үчүн берилүүчү өзгөчө жеңилдиктер тууралуу да кеңири түшүндүрмө берилип, студенттердин суроолоруна так жооптор берилди. Иш-чара бир гана маалымат берүү менен чектелбестен, эки тараптуу чыгармачылык көпүрөгө айланды. Кафедранын калеми курч жаш акындары өз адистигин тааныштыруу менен бирге, өздөрүнүн автордук чыгармаларын жогорку деңгээлде көркөм окуп беришти. Жаш таланттардын мындай өнөрү колледждин студенттери тарабынан жылуу кабыл алынып, жолугушуунун деңгээлин дагы да көтөрдү.

Соңунда чет тилдер колледжинин жетекчилиги жана жамааты уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар студенттердин келечектеги максаттарын тактоого чоң өбөлгө түзөрүн баса белгилешти. ЖАМУ жаш өспүрүмдөрдүн кесип тандоосуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи.