1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

32

Постсоветтик доордогу кыргыз адабий сыны

Филология институнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу Шерипбаев Амангелди 14-май күнү ФИнин КТ-1-22 тайпасына  “Кыргыз адабий сынынын тарыхы” дисциплинасынан «Постсоветтик доордогу кыргыз адабий сыны» деген темада көргөзмөлүү сабак өттү. Сабакка  кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары жана ФИнин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Ы.Исабаева, немис тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасынын башчысы А.Эсеновалар катышты.

 Студенттер практикалык сабакта “Постсоветтик доордогу кыргыз адабий сыны” деген темада берилген тапшырмалар боюнча презентация, кроссворд, Kahoot платформасы боюнча бир нече кызыктуу маалыматтарды камтыган тапшырмаларды түзүп келишип, жекече, топтордо интерактивдуу панель аркылуу конкурс түрүндө иштешти.

Практикалык сабактын планы, сунушталган адабияттар жана конкурстун шарттары интерактивдүү панелде чагылып турду. Катышкан окутуучулар сабакты мелдеш түрүндө жыйынтыгын

чыгарып, тайпалардагы тесттик тапшырмалардын, берилген жооптордун, маани-мазмунун таразалап, өздөрүнүн баасын беришти. Жыйынтыктап айтканда, катышкан окутуучулар сабакты бир ооздон “эӊ жакшы” деп  баалашты.