1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

41

Эл аралык келишимдерди ишке ашыруу

2026-жылдын 12-майында Өзбекстан Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-июнундагы “Административдик реформалардын алкагында жогорку билим берүү, илим жана инновациялар тармагында мамлекеттик башкарууну натыйжалуу уюштуруу иш-чаралары жөнүндөгү” №200 токтомун ишке ашыруу максатында Андижан мамлекеттик педагогика институтунун филология факультети тарабынан уюштурулган Түрк элдеринин филологиясындагы фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологиялары алкагында улуу акын Алыкул Осмоновдун 111 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышында Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайларынан барган делегациялардын өкүлдөрү тарабынан куттуктоо сөздөрү сүйлөнүп, АнМПИнин кыргыз тили таалими кафедрасына белектерин тартуулашты.

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к. доцент Г.К.Бакирова Алыкул Осмоновдун чыгармалар жыйнактарын, кафедра мүчөлөрү А.Оморов, И.Абдувалиев тарабынан которулган М.Кашкаринин “Түрк тилдер сөз жыйнагы” сөздүгүнүн кыргызча котормолорун жана кыргыз тили, адабияты боюнча илимий эмгектерди, көркөм чыгармаларды белек катары тапшырды.

Конференцияга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценттери, ф.и.к. Г.К.Бакирова, Г.О.Кочорова, Д.И.Алтаевалар мыкты илимий баяндамалары менен катышышып, сертификаттарга ээ болушту.