1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

35

Кезектеги конок лекция

 2026-жылдын 28-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Г.К.Бакирова Жалал-Абад маданият техникумунун кызматкерлерине жана студенттерине “Ч.Айтматов жана тил меселелери” деген темада конок лекция өттү. Лекциянын максатына ылайык Айтматовдун ааламын жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы сиңирген эмгеги, ээлеген орду гана түзбөстөн, анын тил күйөрманы катары тил маселелерине арналган публицистикалык эмгектери, тил жөнүндө айткан, бүгүнкү күндө накыл кеп катары айтылып, көрнөк-жарнактарда жазылып келе жаткан таасын ойлору жана жазуучунун чыгармаларындагы тилдик табылгалардын изилдениши сыяктуу актуалдуу маселелердин да мааниси чоң экендиги белгиленди.

 Конок лекцияда жазуучу тарабынан көтөрүлүп келген эне тил, улуттук тил, адабий тил маселелеринин көйгөйлөрү, кош тилдүүлүк, көп тилдүүлүктүн мааниси, котормо иштериндеги кемчиликтер, кыргыз тилине “мамлекеттик тил” статусун берүү маселелери боюнча айтылган маалыматтар абдан кызыгууну жаратып, сабак кызыктуу баарлашуу жана талкуулар менен коштолду.

Иш-чаранын жыйынтыгында техникумдун өнөрпоз студенттери Ч.Айтматовдун сөзүнө жазылган жана чыгармаларына арналган обондуу ырлардан аткарышып, доцент Г.К.Бакировага конок лекциясында берген баалуу жана пайдалуу маалыматтары үчүн техникумдун жамааты тарабынан ыраазычылык билдирилди.