1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

275

Адаптациялык-педагогикалык практиканын отчётторун кабыл алуу конференциясы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинде 550300 Филологиялык билим берүү багыты боюнча кыргыз тили жана адабиятынын адистигинин КТс-1-21 тайпасынын студенттери 19-февралдан, 9-мартка чейин 3 жумалык адаптациялык-педагогикалык практикасынын аяктагандыгына байланыштуу, практиканын жүрүшүн жыйынтыктоо максатында конференция уюштурулду.

Аталган конференцияга кафедрадан бөлүнгөн практика жетекчилери жана студенттер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө практика жетекчиси Г.Кудайкулова практиканы өтөөдөгү кафедранын байланышы жөнүндө маалымат берип, практиканттардын отчет жазуудагы жетишкендиги, ийгилиги, кемчилдиги боюнча баса белгилеп өттү. Алар да түрдүү ойлорун айтышып, дегеле жалпы практика боюнча пикир сунуштарын билдиришти. Мындан сырткары практика жетекчилери тарабынан сунуш пикирлер да талкууга алынды. Жыйынтыгында конференция ийгиликтүү аяктап өз максатына жетти.