Өзбек тили жана адабияты мугалимдеринин семинары
Март айы профессор М.И.Мирзахидова үчүн жемиштүү айлардан бири болду десек жаңылышпайбыз. Коңшу Өзбек Республикасынын чек арасынан Кыргызстанга өткөн академик 16-март күнү өзүнүн илимий ишин Ош шаарындагы Т.Г.Шевченко атындагы №19-орто мектебинде областтык деңгээлде өткөрүлгөн өзбек тили жана адабияты мугалимдеринин семинарында улантты. Бул семинарга жана мугалимдердин билимин өркүндөтүү курсуна атайын чакырылган профессор М.И.Мирзахидованы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими И. Атаханова, ОшМУнун доценти ф.и.к. А.Исманова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси М. Мирзакаримова, “Ахборот” гезитинин редактору филология боюнча PhD доктор Б.Исакова жана Т.Г.Шевченко атындагы №19-орто мектебинин директору С. Эгамбердиева жана билимин жогорулатуу курсунун, ошондой эле Ош шаарынын өзбек тили жана адабияты мугалимдери тосуп алышты.
Программага ылайык профессор М.И.Мирзахидова “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ УЮМДАРЫНЫН 5-11-КЛАССТАРЫ ҮЧҮН ӨЗБЕК ТИЛИН ЭНЕ ТИЛ КАТАРЫ ОКУТУУНУН ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТЫ” жөнүндө, стандарттагы предметтин концепциясы, окутуунун методологиясы, окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр, күтүлүүчү натыйжалар, окуучунун билим баалоо жана ага коюлуучу талаптар жөнүндө түшүндүрмө берди. Предметтик стандарт, анын мазмуну боюнча мугалимдердин берген суроолоруна жооп берди. Дискурстан соң конференциянын 2-бөлүгүндө пландаштырылган “Сөз түшүнүгү” жана “Сөз түркүмдөрүнүн транспозициясы жана кызматчы сөздөрдүн ролу” темаларында ачык сабак өттү. Дискурс аябай кызыктуу болду. Конференциянын уюштуруучулары профессор М.И.Мирзахидовага ыраазычылык билдиришти.