1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Филология факультети
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

620

Фергана мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында сабак өтүү

12-15.03.2024  күндөрү "Кыргызстан-Өзбекстан жогорку окуу жайлары" ректорлорунун эл аралык форумунун алкагында түзүлгөн макулдашууларды ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Өзбекстан Республикасынын  Фергана шаарындагы Фергана мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар, финансы жана экономикалык иштер боюнча проректору, проф. Ш.Шухратовдун  ЖАМУнун ректору профессор К.Усеновго жиберген  (05/1422-son 2024-yil 11-mart) чакыруу катынын негизинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору, Россия Табигый илимдер академиясынын академиги, М.И.Мирзахидова  Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы Фергана мамлекеттик университетинде академиялык мобилдүүлүктүн алкагында жалпы тил илими, практикалык тил илими предметтери боюнча студенттерге  сабак өттү. Академикти ФМУнун чет тилдери факультетинин деканы, профессор М. Мамажанов жетектеген жамаат, немец, француз тилдер кафедрасынын башчысы, филология боюнча PhD доктор, доцент Р.У.Ахророва жана аталган кафедранын  профессор-окутуучулары тосуп алышты жана  студенттер менен бирге сабактарга кызыгуу менен катышышты.

      Аталган күндөрү программада белгиленген бардык сабактар өтүлдү. Ошондой эле, сабактан тышкары студенттер менен илимий макалаларды кантип жазуу керек темасында да тегерек стол болуп өттү. Француз жана немец тили адистигинин студенттерин кызыктырган  суроолордун катарында Кыргызстандагы ЖОЖдор, ЖАМУ, филология факультеттеринин студенттери жөнүндөгү суроолору да болду.

    Аткарылган сабактардан кийин академиялык мобилдүүлүктүн алкагында өтүлгөн сабактардын жалпы жыйынтыгы чыгарылды. Студенттерге жана мугалимдерге алардын суранычы боюнча профессор М.И.Мирзахидованын электрондук дареги берилди. ФМУнун жетекчилери тарабынан  профессор М.И.Мирзахидованын өткөн сабактары жогорку даражада белгиленип, ыраазычылык билдирилди жана сертификат берилди.