1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

1

Шаардагы көрнөк-жарнактардагы сабатсыздыкка каршы «тил десанттарынын» рейди

"Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий билим берүү өндүрүштүк комплексиндеги Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасына караштуу «Мамлекеттик тил» ийрими апрель айына карата иш-планынын алкагында шаар аймагындагы көрнөк-жарнактардын сабаттуулугун текшерүү максатында «Көрнөк-жарнактардагы сабатсыздыктар» аттуу тил десанттарынын видеослайддар конкурсун уюштурду.

Иш-чараны ийрим жетекчиси, улуу окутуучу Г.Т. Каленбекова алып барып, сөз кезегин кафедра башчысы, доцент Г.Бакировага берди. Кафедра башчысы өз сөзүндө шаарыбыздагы жарнамалык такталардагы орфографиялык жана грамматикалык каталар тилчи адистер үчүн олуттуу маселе экенин белгилеп, студенттердин бул демилгесине жогору баа берип, ийгилик каалады.

Сынакка кыргыз тили жана адабияты адистигинин 1-4-курсунун студенттери активдүү катышты. Алар шаардын ар кайсы аймактарына бөлүнүп, көрнөк-жарнактардагы каталарды сүрөткө тартып, талдап, сунуштары менен бирге презентациялашты. Ар бир тайпанын эмгеги өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болду:

КТ-1-25 тайпасы Т.Байзаков көчөсү жана борбордук базардын айланасындагы жарнамаларды изилдешкен. Студент Батырбекова Айгүл 150дөн ашык катаны таап, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарына жооп бербеген учурларды слайд аркылуу далилдеп берди.

КТ-1-24 тайпасынан Рысбаева Зарина жана Нуралиева Айназик Заманбап эл аралык университетинен тартып борбордук базарга чейинки Пушкин жана Эркиндик көчөлөрүндөгү жарнамаларды иликтешти. Алар ката кеткен жайды так көрсөтүү менен гана чектелбестен, ал жазуулардын туура варианты кандай болушу керектигин да сунуштап, сабаттуу презентация даярдашты.

КТ-1-23 тайпасынын студенттери облустук төрөт үйүнөн тартып, Б.Осмонов жана Курманбек көчөлөрүнүн аймагындагы коммерциялык жайларды (кафе, ресторан, дүкөн, сулуулук салондору ж.б.) изилдешкен. Алар жеке ишкерлер тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар жана тилдик каталар боюнча кызыктуу материалдарды сунушташты.

Видеослайддардын бет ачарынан кийин калыстар тобу сөз сүйлөштү. Профессор И. Абдувалиев студенттердин изилдөө иштерине жогору баа берип, мындай талдоочулук көндүм келечектеги мугалимдер үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Ал эми доцент А.Оморов каталардын типтерин бөлүштүрүүнү, видео материалдарды системалаштырууну сунуштады. Ал гана эмес, «керек болсо, кафедранын окутуучулары жана студенттери менен биргеликте ишкерлерге барып, логикалык жана тилдик каталарды чечмелеп берүүгө даярбыз» деген демилгесин көтөрдү.

Талкуунун жүрүшүндө бул иш-чаранын актуалдуулугу баса белгиленип, көрнөк-жарнактардагы сабатсыздыктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына расмий кайрылуу жасоо маселеси ортого салынды.

Калыстар тобу студенттердин эмгектерин тыкыр карап чыгып, жыйынтыгын 15-майда жарыялай тургандыгын билдирди. Иш-чара өз максатына жетип, студенттердин тилге болгон күйөрмадыгын дагы бир жолу далилдеди.