1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

21

Өткөн тарых – бүгүнкүгө сабак

2026-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын профессору Ибраим Абдувалиев жана улуу окутуучу Уулкан Омурзакова тарабынан Сузак районундагы №7 Ж.Турусбеков атындагы жалпы орто мектебинде өзгөчө мааниге ээ иш-чара болуп өттү. 9-Май Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулган бул жыйын “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке Жалал-Абад областынын эмгекчилеринин салымы” деген темада өткөрүлдү.

Иш-чаранын аталган билим берүү мекемесинде өткөрүлүшү жөн жерден эмес. Сузак районуна караштуу №7 Ж.Турусбеков атындагы мектептин короосунда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана согуштун баатыры Кубат Үсөновго арналып, чыныгы согуштук танка эстелик катары орнотулган. Бул тарыхый эстелик – ошол кездеги элдин каармандыгынын жана оруктагы аянбай кылган эмгегинин тирүү символу болуп саналат. Иш-чарада Кт-1-23, Кт-1-25 тайпаларынын студенттери Токталиев Орозбек, Орозалиева Гүлзат, Батырбекова Айгүл жана башка студенттер өзүнүн автордук ырларын көркөм окушту. Патриоттук сезимдеги обондуу ырлар аткарылды.

Профессор И. Абдувалиев өз сөзүндө согуш учурундагы оор сыноолорду жана кыргыз интеллигенциясынын, карапайым калктын биримдигин баса белгилеп, бүгүнкү тынчтыктын баасы канчалык кымбат экенин эске салды.

Аталган иш-чара студенттерди жана окуучуларды өз жеринин тарыхын билүүгө, ата-бабалардын эрдигин баалоого жана мекенчилдик сезимдерин ойготууга багытталды.