1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Кибер алдамчылыктан кантип коргонуу керек?

         2026-жылдын 29-апрель күнү Филология институтунун кыргыз тили жана адабияты профилинин КТ-1-25 тайпасына кибер алдамчылык боюнча куратору У.Омурзакова тарабынан куратордук саат өтүлдү. Алдамчылыктын түрлөрү боюнча маалыматтар слайддар аркылуу түшүндүрүлүп берилди. Телефон чалуу аркылуу алдоо "Мен банктын коопсуздук кызматынан болом, картаңыз блоктолду", алдамчылар адамдын ишенимине кирип, сезимдери менен ойнойт (коркутуу же өтө чоң кубанычтуу кабар айтуу), инстаграм же башка тармактарда өтө арзан баада товар сунуштап, алдын ала төлөм (предоплата) алып, андан кийин жоголуп кеткен жасалма баракчалар жана башка түрлөрү жөнүндө кеңири сөз болду. Алдамчылыктын алдын алуу, аларга алданып калбоонун, коргонуунун жолдору менен таанышты.