1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Кибер кылмыштуулуктун алдын алуу

29.04.2026-жылы филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын КТ-1-23 тайпасынын  куратору, ф.и.к., доцент Г.Кочорова “Кибер кылмыштуулутун алдын алуу” деген темада тарбиялык саат өттү.

Кибер кылмыштуулуктун алдын алуу — бул жеке маалыматтарды коргоо, күчтүү сырсөздөрдү колдонуу жана шектүү шилтемелерди ачпоо аркылуу ишке ашат. Ички иштер органдары тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, фишингдик сайттардан, карта маалыматтарын сураган шылуундардан сак болуу эскертилет.

Кибер кылмыштуулук - бул компьютерлерди, тармактарды же интернет-технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыш аракеттери. Бул жеке маалыматтарды уурдоо, интернет-алдамчылык, каржылык пирамидалар жана системаларды бузуу аркылуу адамдарга же уюмдарга зыян келтирүүчү аракеттерди камтыйт. Мындан тышкары, телефон аркылуу түрдүү алдамчылык жолдор менен канчалаган жарандарды сызга отургузуп кеткен учурлары 2026-жылдын башынан бери эле 1100дөн ашып, жалпы финансылык зыян 1 млрддан ашкандыгы белгилүү болгон. Бул өтө чоң жана зыяндуу, коркунучтуу кылмыш экендиги белгиленди.

Бул тема боюнча студенттер да слайддарды даярдап, кибер кылмыштуулук түрлөрүн жана жолдорун айтып беришип, үй-бүлөдө, коомдук жайларда да сак болуш керек экендиги жана башкаларга маалыматтарды жайылтып,  эскерте жүрүү зарылдыгын белгилешти. Коомдо кызуу талкуу жараткан кибер кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маалыматтарды таркатуу керектигин баса белгиленди.