1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Филология институту
  4. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

“Чернобыл кырсыгы” деген темада тарбиялык саат өтүлдү

2026-жылдын 28-апрель күнү “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин филология институтунун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-23 тайпасынын куратору ф.и.к., доцент Г.О.Кочорова “Чернобыл кырсыгы” деген темада тарбиялык саат өтүп, слайд көрсөтүлүп, кеңири маалымат берди.

1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында жарылуу болуп, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келген. Булганган шаарды тазалоого Кыргызстандан бир нече миң адам тартылган. Учурда Манас шаарында 33 чернобылчы бар. Азыркы учурда көпчүлүгү Орусияда иштеп, жашап жүрүшкөнү белгилүү болду.

Чернобыл кырсыгы атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң апаат, жалпысынан сегиз миллиондой киши радиоактивдүү нур ооруларына чалдыкканы катталган. Бүткүл Союз боюнча 600 миңдей адам кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган. Кыргызстандан дагы төрт миңге чукул киши Чернобыл атомдук станциясында кырсыктын залалдарын арылтууга катышкан. Азыркы учурда куткаруучулардын эки миңдейи арабызда чейрек кылым мурунку оор кырсыктын жандуу элеси менен айрым биз билбеген сырларын сактап жүрөт. Алардын 90% түрдүү даражадагы майыптар.

Кт-1-23- тайпасынын студенттери Парпибаева Сайкал, Кубанычбекова Бактынур, Азимбекова Айзат, Торобекова Гүлдана темага байланыштуу баяндамаларды окуп, слайд даярдашып, презентация жасашты.